Элнура КУЛУЕВА: «11-мартта 1 тонна бешбармак жегенге келиңиздер!»

Элнура КУЛУЕВА: «11-мартта 1 тонна бешбармак жегенге келиңиздер!»

Бүгүн, 5-мартта, бир тонна беш бармак Ала Тоо аянтында жасалмак, ал кандайдыр бир сепбептерден улам, 11-мартка жылды. Ошонун себебин сурап, демилге көтөргөн уюштуруучулардын бири, идеяга бай, белгилүү журналист Элнура Кулуевага кайрылдык.  

— Элнура айым, «Бешбармак» долбоору 5-марттан 11-мартка эмне себептен жылып калды?

— Ооба, 1 тонна «Бешбармак» долбоору 5-март — Ак калпак күнүнө багышталган болчу. Ала Тоо антта өткөрүү боюнча Бишкек шаардык мэрияга расмий кат жазып кайрылганбыз. Алар долбоор менен толук таанышып, “бешбармак таратуу Аянтка туура келбейт. Ала-Тоо аянтынын статусу бар”,-деген жоопту беришти. Мына ушул негизде, 11-мартка жылды. Анан эмне кыларыбызды билбей, башка аятча издеп жатканда, Кудай жалгап, “Аю комфорт гранд” сунуш кылып калды. Кудай кааласа, 11-март күнү кылым күүсүнүн астында, кыргыз эли өзүнүн улуттук тамагы бешбармакты дүңгүрөтө даңазаламакчы. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык, кыргыздын сый тамагы бешбармак дүйнөгө таанылат. Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн билек түрүп турабыз. Бул саамалыкка ак калпак, ак элечек кийип келип, ак батаңыздарды берип. тилек айтып коюңуздар, келиңиздер, баарыңыздарды чакырабыз! Көңүл сергиткен, өзгөчө концерт, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот. Айтор, кө-өп кызыктар бар. Келип, өз көзүңүздөр менен көрүп кетиңиздер. Дареги: Чолпон Ата-Горький көчөлөрүнүн кесилиши.

— Демөөрчү табуу кыйынчылыкка турдубу?

— Улуттук долбоорлорго демөөрчүлөр аз болот. Муну жакшы билебиз. Бир тонна беш бармак, 100 метр чучукту Гиннеске киргизүүгө каражатын аябаган кыргызымдын жигиттерине таазим кылып, рахматымды айтам. Алар: Шаршенбек Абдыкеримов, Нурмухаммед Миңбаев, Бакыт Жусубалиев!

— 7 жылкы союлат деп атасыз. Мынча жылкыны ким берип жатат?

—  7 жылкы союлат, жетөө тең Ат Башыдан алынып келинди. 5 жылкыны Нурмухаммед Миңбаев берди, экөөн «Замандаш» партиясынын Бишкек шаардык комитетинин башчысы Узак Бактыбеков чыгарды. Нарындын беш бармагы жасалат. Камырга «Алия уну» демөөрчүлүк кылды. Борсойгон ысык боорсоктор элге бекер ооз тийгизилет. Бешбармак элге бекер таратылат. Жетимдер, Карылар үйүнө кайрымдуулук фонддор таратышат. Ал күнү мобилдүү жаштар тобу чоң команда болуп иштейт. Алардын ар бирине багыт берилген, ошол механизм менен чогуу-чаран иш алып барабыз.

— “Кыргыз тилектештиги” боюнча учка айта кетсеңиз?

— «Кыргыз тилектештигинин» багыты — элибиздин биримдиги, мекенибиздин бүтүндүгү, ниетибиздин тилектештиги, ак дил, асыл ой, адал жашоо аркылуу сөздүн иштин бир нукка түшүүсүнө жетишүү. Бир сөз менен алганда, өнүгүүнүн тилектештик жолун табууга бел байладык. «Кыргыз тилектештигинин» биринчи кадамын коомдогу баалуулуктарга болгон сый мамиле көрсөтүү менен баштады. Улуттук аң-сезимге, улуттук демге азык болчу саамалыктарга тилектештик билдирүү менен биз дүйнөлөшүү агымынада элдин руханий жүзүн, дөөлөт, кадырын сактап кала алабыз. Ойдун, иштин кыймылы бул — тилектештик. «Кыргыз тилектештигинин» бүгүнкү каармандары бир тилектин, бир уңгунун карапайым адамдары.  “Иш-аракеттерибиздин баары жаркын мамлекетибизге багышталат” деп мындан 4 жыл мурун тилектештиктин пайдубалын түптөгөнбүз. 11 долбоор иштеп чыкканбыз. Ал четинен аткарылып келатат. Алсак, «Супарада” 200 ак элечек апалар» , «7 дубандан жети казан сүмөлөк» , «Жыл жаңырыгы», » 1000 ак элечек апалар», «Сулайман -Тоодо ак элечек апалар», » Ак кемеде ак элечек апалар», «Алтын жылдагы алтын кадамдар», «41 казан сүмөлөк фестивалы» ж.б долбоорлорду ишке ынтымак менен ишке ашырып келди. Кудай буйруса, дагы эле ашыра бермекчи. Мына аны бири 5 тонна бешбармак. Чогуу-чаран ишке ашырып, Гиннес китебине киргизип алалы. Баарыңыздар келиңиздер. Учурдан пайдаланып, кыргызымдын жигиттерин бүгүнкү 5-март – Ак калпак күндөгү майрамдары менен өзүмдүн жана “Кыргыз тилектештигинин” атынан куттуктайм. Ылайым башыңыздардан ак калпак түшпөсүн!

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.