Төө ашууда кар көчкү жүрүп, убактылуу жабылды

Төө ашууда кар көчкү жүрүп, убактылуу жабылды

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Бишкек-Ош автоунаа жолуна (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Бүгүн түш ченде, саат 12:00дөн өткөндө, көлөмү болжол менен 1200 метр куб кар көчкү жүргөн. Жолду тазалоого автоунаа тартылып, кар тазаланууда. Жабыркагандар жок. Дагы кошумча маалымат берилет.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.