Өмүрбек БАБАНОВ: “УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем”

Өмүрбек БАБАНОВ: “УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем”

УКМК “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен экс-депутат Өмүрбек Бабановго иш козгоду. Алардын билдирүүсүнө караганда, Канатбек Исаев Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен бирге президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура буга чейин Өмүрбек Бабановдун Ош шаарында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде иш козгогон. “Конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө, улуттук, диний кастыкты козутууга чакырык таштаган” деген айып тагылган.

Бул боюнча Бабанов үн катты…

Өмүрбек Бабанов бул иш боюнча үн катты, тагырагы, Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй жазып чыкты.

“Урматтуу Кыргызстандыктарым, дагы бир «бийликти басып алууга даярдык көргөн» деген маанидеги кылмыш ишинин козголгондугун окудум. Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз!

Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети эмес, ал түгүл митинг өткөргөн жокпуз. Тетирисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элдерди дал менин жакын адамдарым токтотуп жүрүштү.

Анан дагы, шайлоонун өткөндүгүн, анда элибиз жаңы президентти тандаганын мен шайлоонун кийинки күнү эле пресс-конференцияда жарыяланмын. Кайсы бир талапкерге же партияны тандагандыктары үчүн элибизди бөлбөш керектигин, бири-бирибизди жөндөн-жөн айыптап, кылмыш иштерин козгобош керек дегем.

Дагы бир ирет кайталагым келет: бизде атаандаштык шайлоо өттү, анын негизинде жеңүүчү аныкталды. Демократия деген ушул – өлкөнү шайланган адам башкарат. Ал эми бардыгыбыз биригип, мамлекетибизди көтөргөнгө көмөктөшүшүбүз керек. Кыргызстаныбыздын тарыхы болсо күндө жазылып жатат, кайсы нукта бараарын учурдагы бийлик аныктайт.

Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбаймын. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем.

Мыйзамдын күчүнө, укук коргоо структураларынын абийирине, жана УКМКнын бул маселеге чекит коеруна ишенем. Бардык ойдон чыгарылган шектер жокко чыгарылат деп ишенем”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.