УКМК Зилалиевге кылмыш ишин козгодубу?

УКМК Зилалиевге кылмыш ишин козгодубу?

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге УКМК айыбын угузду. Бул тууралуу аталган кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттык» радиосуна мындай деп билдирген: “2018-жылдын 30-мартында УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузду. Шектүү жана анын адвокаттары таанышып бүткөн соң кылмыш ишинин материалдары андан ары сотко жөнөтүш үчүн Башкы прокуратурага жиберилет. УКМКнын тергөө органдары Зилалиевге карата эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берүү түрүндө бөгөт чарасын тандап алган.

Эскерте кетсек, Зилалиевге былтыр «Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Эсиңиздерде болсо керек, С.Жээнбековдун инаугурация күнү, президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин ММКлар жазып чыгышкан. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалыматтар чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.