1-класстын окуучусу президенттен инисине памперс сурап кат жазды   

1-класстын окуучусу президенттен инисине памперс сурап кат жазды   

Президент Сооронбай Жээнбековго Бишкек шаарындагы № 84 мектептеги 1-класстын окуучусу Орунбаева Айыма кат жазды. Ал катка мындай деп жазган: «Урматтуу Сооронбай Жээнбеков! Менин атым Айыма. Мен 1-класста окуйм. Мага жомок китеп, анан дагы компьютер, дагы менин кичинекей бөбөгүмө 3 памперс бересизби. Дайыма жетпей калат. Менин 58 бешим бар, жакшы окуйм. Өтүп кеткен Нооруз майрамыңыз менен! Орунбаева Айыма. № 84 мектеп. Ак Өргө. 26-март».

Айыманын катын Facebook социалдык түйүнүнө Нургазы Эргешов аттуу жаран жарыялады. Ал кызуу талкууда… Бул катты биз президент Сооронбай Жээнбековдун Басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева жөнөттүк. Кичинекей бөбөктүн катына жооп болуп калаар…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.