Дастан БЕКЕШОВ: “Бир чети айдоочуларды түшүнсө болот”

Дастан БЕКЕШОВ: “Бир чети айдоочуларды түшүнсө болот”

Бул тууралуу бүгүн депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынынын отурумунда билдирди. “Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекция бар. Анын иш-милдетин талдап көрсөк, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен. Жакында эле иш таштап, митингге чыккан микроавтобус каттамдарынын айдоочуларын бир чети түшүнсө болот. Алардын айтымында, инспекциянын кызматкерлери алардан бекер акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюу зарыл. Андан сырткары, өлкөнүн маданият тармагы бюджеттен калдык каражат менен каржыланып калды. Театрлардын азыркы абалы жанды кейитет, аларды оӊдоо үчүн кошумча каражат керек. Менимче, эски театрлар оӊдолсо, жаӊы чоӊ концерттик залдар курулса, алар заманбап жабдуулар менен жабдылса жакшы болот эле. Ушул маселени Өкмөт бюджет каралганда эске алат деген ойдомун», — деди эл өкүлү Дастан Бекешов.

Эскерте кетсек, 2-апрелде Бишкектеги маршруттун айдоочулары иш таштап, мэрияга бир топ талаптарды коюшкан. Мэрия алардын талаптары аткарылбасын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.