Аида Салянованын ордуна Болот Шер депутат болуп келеби?

Аида Салянованын ордуна Болот Шер депутат болуп келеби?

Аида Салянова депутат болуп турганда, ага жалган жалаа жабылып, каралоо менен кылмыш иш козголуп, соттор туура эмес чечим чыгаргандын негизинде БШК шашылыш түрдө мандатын “тартып” алган.

“Эми Аида Жеңишбековнанын ордуна ким келет? Кимге мандат тиет?» деген суроо туулганда, “тизме боюнча Клара Кабилова келет” деген кептер кеткен. БШК «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатынан ажыраткандан кийин, анын ордуна тизмеде 15-болуп турган Искендербек Гайпкулов келген. Бул кишиден кийин, 16-болуп кезекте Ташболот Балтабаев турат экен. Ошондон улам, партия ичинде пикир келишпестиктер болууда окшойт.

Салянованын орду талашка түшүүдө…

Учурда Салянованын орду талаш жаратууда. Себеби, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов БШКга тизмеден беш кишини чыгаруу тууралуу кат жөнөткөн. Алар: Гүлнара-Клара Саматты, Ташболот БалтабаевдиТалант УзакбаевдиРысбек МирзаматовдуНургүл Бакирова. Беш киши тизмеден чыкса, тизмеде 21-болуп Болот Шер турат. Ошондон уламбы, “Парламентке депутат болуп Болот Шердин келишине шарт түзүлүп жатат» деген сөздөр чыккан.

Буга Шыкмаматов эмне дейт?

Шыкмаматов бул маселеге БШК гана мыйзам чегинде чекит коерун, тизмедеги 5 кишинин өздөрүнүн арыздары (булар, Шыкмаматовдун айтымында, 2015-жылы «эгер тийиштүү добуш ала албасак тизмеден чыгабыз» деген арыз жазышыптыр – авт.) бар экендигин, алардын арызынын негизинде гана кат жөнөтүлгөнүн айтууда. Ал эми 16-орунда турган Ташболот Балтабаев “Шыкмаматов БШКга кат жазууга укугу жок болчу” деп аны күнөөлөөдө. Кандай болгон күндө, Шыкмаматов айткандай, буга мыйзам чегинде, калыстык менен БШК гана чекит кое алат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.