Сариев баш болгон саясатчылар “Ата Бейитке” барышты

Сариев баш болгон саясатчылар “Ата Бейитке” барышты

2010-жылы апрель окуясында каза болгондорду бүгүн Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөр “Ата Бейит” мемориалдык комплексине барып эскеришти. Алардын эстелигине гүл коюп, куран окушту.

Эскерте кетсек, 8 жыл мурда 7-апрелде эл андагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгышкан. Аларга ок атылып, 80ден ашык киши окко учуп, жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек таап, жашап келет. Бакиевди алып келип, аны жоопко тартышкан жок, ошол жагы өтө өкүнүчтүү…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.