Түштүк Кореянын экс-президенти 24 жылга кесилди

Түштүк Кореянын экс-президенти 24 жылга кесилди

Былтыр камакка алынган Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хенин соту болуп, сот анын курбусу, анын кызы экөө коррупциялык жол менен 20 миллион доллар өндүргөн деп тапты. Пакка «коррупция» жана «кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган» деген айып тагылып, 18 пункт боюнча күнөөлүү деп табылып, 24 жылга кесилди. Ошондой эле ага 17 миллион доллар айып төлөөгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, Пакка кылмыш иши ал бийликте турган убакта эле (2016-жылы) ачылган. Ага парламент импичмент жарыялап, кызматтан кеткен. Ал 2017-жылы камакка алынган.

Мына, парламент, сот деген ушундай калыс иштеш керек. А биздечи? Нак ичип-жегендер сыртта жыргап, жалган жалаа менен таза адамдар камакта куурап отурат. Кыргызстандын соттору жана парламент Түштүк Кореядан үлгү алышы керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.