ГЕНПРОКУРАТУРА: “Белизгейт” боюнча Белизден жооп келе элек

ГЕНПРОКУРАТУРА: “Белизгейт” боюнча Белизден жооп келе элек

Бул тууралуу бүгүн башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында билдирди. Ага “Белизгейт” боюнча суроо берилгенде ал “Белизгейт” жаңжалы боюнча Америкадагы Белиз өлкөсүнөн жооп келе электигин айтты.“Белизгейт” боюнча ошол мамлекеттин өзүнө кат жиберилген. Алардан жооп алмайынча биз чечим чыгара албайбыз”,-деди Казаков..

УКМКнын төрагасы Сегизбаев болсо…

Эсиңиздерде болсо керек,»Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыгып, чуу жараткан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер тастыктап турарын айткан. Атүгүл, ал документтерди андагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул чатак иш боюнча документтер жасалма болуп чыкса, Сегизбаев жооп берээрин Атамбаев айткан. Ал эми ​»Ата Мекендин» юристтери УКМК тараткан маалыматтары далилденбегенин билдирген.

Ушул күнгө чейин тыянак чыга элек

Башкы прокуратура жана УКМК «Белизден алынды» деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул күнгө чейин айтылбай келет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.