24-мартта элден токмок жеп, 7-апрелде кызматтан кеткен Сегизбаев жоопко тартылсын!

24-мартта элден токмок жеп, 7-апрелде кызматтан кеткен Сегизбаев жоопко тартылсын!

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары: УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана орун басары Болот Сүйүмбаев 7-апрелде, Апрель окуясын эскерүү күнү арыз жазып кеткендери менен эсте калды. Ушул жуманын урунттуу окуясы ушул болуп калды окшойт. Анда эмесе, Сегизбаевдин мамлекетке (Атамбаевге) кылган кызматтарын айтып берели.

Агрономдун арыш жолу…

45 жаштагы Абдил Сегизбаевдин өмүр таржымалынан учкай айта кетсек, ал 1996-жылы Бишкектеги Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Кесиби — окумуштуу-агроном. Эмгек жолун “Сорос-Кыргызстан” фондунда баштаган. 1995-2000-жылдары бул фонддо “Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо” программасынын, “Демократияны колдоо” фондунун координатору болгон. 2000-2003-жылдары Швейцариянын Эл аралык кызматташтык боюнча “Хельветас” уюмунда иштеген.

Акаевдин убагында кызматка келип, элден таяк жеген…

2003-2005-жылдары Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. 2005-жылы март ыңкылапта Акаев качып кеткенден кийин, аны эл Ак үйдүн алдына алып чыгып токмоктошкон. Бакиевдин убагында жогорку мамлекеттик кызматка келген эмес, өз иши менен алек болгон. Бир жылдай Жергиликтүү коомчулукту колдоо боюнча “RDC-Элет” деп аталган коомдук бирикмеде кеңеш берүүчү адис болуп иштеген. 2007-2009-жылдары АРИС уюмунда коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген, персоналдарды башкаруу боюнча адис болгон.

Атамбаев бийлигинде кызматка келип, генерал-майор болду

2011-жылы Атамбаев президент болор замат ага кеңешчи болуп дайындалган. Бир жылдан кийин эле президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүн жетектеген. 2012-2014-жылдары кайра президенттин кеңешчиси болгон. Ал УКМКга 2014-жылы барган жана төраганын биринчи орун басары даражасында улуттук коопсуздуктун тобокелчилдиктерин талдоо жана божомолдоо кызматынын директору болгон. 2015-жылы ноябрда УКМКнын башчысы болуп дайындалган. Атамбаевге жакшы эле кызмат кылып берди. АШАнын тилегин орундатып бергени үчүн (2017-жылдын 28-октябрында, андагы президент Атамбаев) “Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн» «генерал-майор» аскердик наамын ыйгарган.

Чуулгандуу “Белизгейт” жана Текебаевди аэропорттон карматканы менен элдин эсинде калды

Эсиңиздерде болсо керек,»Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыгып, чуу жараткан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер тастыктап турарын айткан. Атүгүл, ал документтерди андагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул чатак иш боюнча документтер жасалма болуп чыкса, Сегизбаев жооп берээрин Атамбаев айткан. Ал эми ​»Ата Мекендин» юристтери УКМК тараткан маалыматтары далилденбегенин билдирип, сотко берген. Сотту болсо билесиңер, алар да Атамбаевга аябай кызмат кылышты. Соттор элге эмес, Атамбаевге кызмат кылып бергени жалганбы? Сегизбаев Атамбаевдин буйругу менен былтыр февралда, андагы депутат Өмүрбек Текебаевди иш сапарынан келе жаткан жеринен, аэропорттон кылмышкерди кармагандай кызматкерлерине карматып, камап койгонун өзү мыйзам бузгандык. Андан тышкары, бир топ саясатчыларды карматып, каматып койгону менен элдин эсинде. Бектур Асановдор “Сегизбаев кызматтан кетмейинче ачкачылык жарыялайбыз” деп ачкачылык жарыялашып, денсоолуктарынан ажырашты. Текебаев ооруп атат. Жалган жерден жалаа жаап, камап, денсоолуктарына зыян алып келгендиги үчүн Атамбаев экөө жооп бериши керек!

Жээнбеков Сегизбаевди жоопко тартышы керек!

Тагырагы, президент жогорудагы мыйзамсыз кылган иштери үчүн Сегизбаевди жоопко тартышы керек! Кечээтен бери “Абдил Сегизбаев кызматтан кетти. Жээнбеков азамат деп атасыңар” деп сүйүнүп атасыңар. Кошомат кылганды качан токтотосуңар, айланайын кыргызым, койбойсуңарбы?! Кызматтан кетирип эле койгон киши азамат болсо, анда… Айткан башка, кылган башка. Сегизбаевди жоопко тартууну Жээнбековдон талап кылышыбыз керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.