Президент Жээнбековдун кичи мекенине 2 млн 400 миң сомго эс алуу паркы курулду

Президент Жээнбековдун кичи мекенине 2 млн 400 миң сомго эс алуу паркы курулду

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын борборунда “Сейил” эс алуу паркы курулуп, ачылыш аземи болуп, ага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, аким Пиримберди Дыйканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышканы тууралуу акимдин орун басары Канполот Тутуев “Турмуш” сайтына билдирген. Анын айтымында, 1 гектарга жакын аянтты ээлеген “Сейил” паркын курууга жана көрктөндүрүүгө 2 млн 400 миң сом каражат кеткен. Мындай каражатка карагайлар, гүл, арча, бак-дарактар отургузулуп, газон себилип, олтургучтар, таштанды таштоочу челектер жана фонтандар орнотулган. Парк толук тосмо менен курчалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков айылды оңдоп-түздөөнү кичи мекенинен баштады. Ар бир облустун айылына ушунча акча кетип, ушундай паркка айланабы?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.