Жан-Клод ЮНКЕР: “Кыргызстандан үйрөнчү көп нерселер бар”

Жан-Клод ЮНКЕР: “Кыргызстандан үйрөнчү көп нерселер бар”

Бельгиянын борбору Брюссель шаарына президент Сооронбай Жээнбековдун соңку жолугушуусу болду. Президент Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту. Жолугушууда  Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа союзунун Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен мурдараак талкууланган бардык маселелер козголду. Аягында С.Жээнбеков менен Жан-Клод Юнкер басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Жан-Клод Юнкер биздин президентти  коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын, эркиндиктерин, сөз эркиндигин коргоо ишин күчөтүүгө чакырып, мындай деди: “Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү  нерселер бар экендигине терең ишенем. Кыргызстан эли – улуу улут. Европа ар дайым Кыргызстандын жана анын элинин бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт”. Ошондой эле Юнкер ЕС Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрөөрүн баса белгиледи.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.