Түрмөнстанда нан тартыш: кезекке тургандар жетпей калууда…

Түрмөнстанда нан тартыш: кезекке тургандар жетпей калууда…

Түркмөнстандын Мары шаарындагы азык-түлүк саткан мамлекеттик дүкөндөр бир кишиге экиден гана бөлкө нан сатылып жатканы тууралуу көз карандысыз түркмөн маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, мында кеп нан жана башка азык-түлүк түрлөрү базар баасынан арзан сатылган мамлекеттик дүкөндөр жөнүндө болууда. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасынын билдиришинче, кадимки бөлкө нан бир адамга экиден гана сатылып жатканы менен, текчелерде турбай, тез эле сатылып кетүүдө.

Мары шаарында калкка нан чектелген санда сатылып жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчылары дагы ырасташты. «Ар бир адамга 1-2ден гана нан сатылып жатканына карабастан, ал кезек күткөндөрдүн бардыгына жетпей калууда. Мындан улам нан сатып алуу үчүн жергиликтүү наабайканаларда түнү бою кезекте тургандар болуп жатат», — деди кабарчы. Анын айтымында, учурда калкка ун дагы дале чектөөлөр менен сатылууда. Буга чейин кабарлангандай, мамлекеттик дүкөндөрдө бир адамга 5 килограммдан ашык ун сатылбайт.

Мурдараак «Азаттыктын» өз булактары калк нан жасоодо улпактын жана башка дан өсүмдүктөрүнүн унун пайдаланып жатканын бир канча жолу кабарлашкан. Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы болуп жатканын расмий моюнуна алган жок.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.