Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

Экс-вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгону тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл февралда ачыкка чыккан. Ушул ишке байланыштуу ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Аскарбек Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев ушул боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган.

Шадиевдин 30 миң доллардын уурдалганына өкүнгөнү боюнча бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.