Бүгүн президент менен спикер Атамбаевдей болуп “балп” деген жок, бир башкача сөз айтышты…

Бүгүн президент менен спикер Атамбаевдей болуп “балп” деген жок, бир башкача сөз айтышты…

Бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктар Конституция күнүн майрамдап жатышат. Ар кайсы аймактарда ар кандай иш-чаралар өтүүдө. Баш мыйзамдын кабыл алынганына туптуура 25 жыл толду. 25 жылдык майрамды майрамдап жаткан кыргызстандыктарды мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кызуу куттуктады.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик, ыйык  эч нерсе жок”

Деп мамлекет башчы адам укуктары боюнча эң жакшы айтты. Ал сөздүн толугу мындай: “Мындан чейрек кылым мурда 1993-жылдын 5-майында  эгемендүү Кыргызстандын  Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына   алтын тамгалар менен жазылып калды. Көз карандысыз Кыргызстандын Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги.

Кыргызстан – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик  жана ыйык  эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу,  эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот.

Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо    мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш.

Конституция күнү –   жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун  майрамы. Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө  үндөп турат.

Майрамыңыздар менен! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун!”.

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Баш мыйзам жарандардын укугу менен эркиндигин коргойт

ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабековдун чын дилинен чыккан куттуктоосу мындай: “Натыйжада, эркиндикти сүйгөн Кыргызстандын эли эки жолу авторитардык бийликке каршы күрөшкө чыгып, акыры парламенттик башкаруу жолун тандап алды. 2010-жылдын жайында Конституциябыздын жаӊы редакциясы иштелип чыгып, референдум аркылуу кабыл алынды. Ал эми 2016-жылы бир катар түзөтүүлөр киргизилди.   

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Баш мыйзам катары жарандардын негизги укугу менен эркиндигин коргойт жана  мамлекетибиздин укуктук статусун аныктаган жогорку юридикалык күчкө ээ.

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм! Мындан 25 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамыбыз мамлекетибиздин көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Андыктан, биз Конституциябызды урматтап, ата-мекендик мыйзамдарыбызга баш ийүү менен өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз зарыл. Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн!”.

Атамбаев жүдөтүп кетти, Жээнбеков түзөтсүн!

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты да сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайт. Президент менен спикер адамдардын укугун коргоп берүүгө өбөлгө түзүп, жакшы башчы болуп беришсин. “Жакшы башчы келсе түзөтөөр, жаман башчы келсе жүдөтөөр” дегендей, Атамбаев мамлекетти, элди жүдөтүп кетти, досунун кетирген катасын жаңы башчы Жээнбеков түзөтсүн!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.