Рыскелди Момбеков Алмаз Атамбаевди Жогорку Кеңештин трибунасына чакырды

Рыскелди Момбеков Алмаз Атамбаевди Жогорку Кеңештин трибунасына чакырды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ЖЭБтеги аварияны жана модернизациялоого кеткен Кытайдан алынган акчанын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу талкуланууда. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков: «Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти, азыркы президентти, азыркы өкмөт башчыны да чакыргыла. Ал ошол кезде биринчи вице-премьер болуп отурган. Анын да күз-кышка даярдык көрүүдө тиешеси бар. Эркиңер жетеби, чакыргыла. Бул жерде элге шылдың болбой. Чакыргыла, Алмазбек Шаршенович келет, Сооронбай Шарипович келет, жооп берсин. Ошондо гана чындыкка чыгасыңар, жети баланы камап коюп кыйын боло бербей«, — деди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.