Атамбаевдин кол тийбестигин алууга каршы болгон депутаттардын тизмеси

Атамбаевдин кол тийбестигин алууга каршы болгон депутаттардын тизмеси

«Кытайдан олчойто кредит алып, Кыргызстанды карызга батырып кеткени үчүн Алмазбек Атамбаев жоопко тартылсын! Башчылар алган карызды эмнеге карапайым эл төлөшү керек?» деп калың эле капа. Ал карызды «эл төлөйт» деп КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айткан. Аны бу ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Карыз боюнча элдин пикирин эл өкүлү И.Масалиев парламентте көтөргөн, тагырагы, Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо маселесине байланыштуу токтомуна экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу сунуштаган.  Ал «Кыргызстандын экс-президенти» деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек» деп эки ирет айткан. Акыры мындай сунушу колдоо тапкан.

Исхак МАСАЛИЕВ: «Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу керек!»

деп Исхак Масалиев парламентте ачык эле айткан. Аны толугу менен ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Каршы болгон депутаттар баягылар эле…

“Экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун токтомго кошууга 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришкен. Каршы болгон депутаттар: И.Өмүркулов, Ч.Турсунбеков, М.Айнакулов, И.Карамушкина, А.Касымалиева, А.Кодуранова, А.Артыков, Д.Аттокуров, М.Мадеминов, Д.Бекешев. С.Нышанов, К.Орозова, Б.Жетигенов, Т.Зулпукаров. Ал эми добуш бербей ортодо тургандардын, ордунда жок болгон депутаттардын тизмесин төмөнкү барактан көрсөңөр болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.