“Кыргыз эли акча чогултуп, тышкы карыздан кутулалы”,-дейт Жолдошбаев. Өкмөт да ага макул. А сизчи, макулсузбу?

“Кыргыз эли акча чогултуп, тышкы карыздан кутулалы”,-дейт Жолдошбаев. Өкмөт да ага макул. А сизчи, макулсузбу?

Премьер-министр М.Абылгазиев акча түшө турган эки банк эсебин ачарын парламентте билдиргенине бир жума болду. Ал “коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана “мамлекетке жардам берүүнү каалагандардан”,- деп айткан. Аны баягы эле Атамбаевдей “балп” деген депутат Камчыбек Жолдошбаев колдогон, атүгүл сунуштаптыр. Тышкы карыздан кутулуу үчүн (премьер менен депутаттын) элден акча сурашы эч кимге жаккан жок. Эл нааразы.

Мухамбеткалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Мамлекетке жардам беребиз” дегендер бар”

М.Абылгазиев: “Эки эсеп ачылганы жатат. Мисалы, сиздердин кээ бир кызматташыңардан (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев жөнүндө сөз болууда. Анткени ал ага чейин элден акча чогултуп, тышкы карыздан кутулуу боюнча демилге көтөргөн болчу. Депутат эсеп ачылса өз чөнтөгүнөн миллион сом которорун айткан – авт.) сунуш түшүп жатат. Өз каалоосу менен «мамлекетке жардам беребиз» дегендер бар. Ошолор «өзүнчө эсеп ачып берсеңер» деп кайрылып жатышат. Биз ошону ачып жатабыз. Экинчиси — коррупциялык механизмдер менен өндүрүлгөн акча үчүн эсеп. Ал жерде мүлкү, каражаты болушу мүмкүн. Азыр эсептерди ачуу боюнча макулдашуу жүрүп жатат. Эсептер Финансы министрлигинин алдында болот”,-деген.

Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: “Эсеп ачылса, мен миллион сом берем”

К.Жолдошбаев: “Бул деген кыргыз эли өзүбүз эле чогултуп, сен, мен, бир туугандар, санаалаштар биригип, тышкы карыздан кутулалы деген сөз. Депутаттар эмес, жөнөкөй жумушчулар, керек болсо пенсиясын берем дегендер чыгып жатат. Андайлар толтура, кокодон. Эсеп ачылса, мен миллион сом берем. Түштүк Кореяда деле эл чогулуп карыздан кутулуп, мамлекети жакшы эле өнүгүп жатпайбы. Угушумча «доллар менен берем» деген депутаттар да бар экен”,-дейт. Эл кыйналып жат

Клара СООРОНКУЛОВА: “Эсеп ачып, элден акча чогултуу мыйзамсыз”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ал боюнча “Азаттыкка” мындай деген : “Эсеп ачып, элден акча чогултуу дегендин өзү мыйзамсыз. Бир да мыйзамда мындай нерсе жазылган эмес. Мамлекеттик органдар мындай аракеттерге эч качан барбашы керек. Коррупциялык көрүнүштөрдөн өндүрүлгөн каражаттар ансыз деле мамлекетке түшөт. Башкы прокуратура жыл сайын «мынча акча түштү» деп маалымат берет. Ал үчүн кайра өзүнчө эсеп ачуунун зарылдыгы жок. Бул менимче популисттик эле демилге”.

Иса Өмүркулов да «карызды ар бир адам төлөйт»,-деп айтты эле. Аны бул ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Элди карызга батырган Атамбаев жоопко тартылышы керек!

Мына ушундай, окурман! “Депутаттар эмес, жөнөкөй жумушчулар, керек болсо пенсиясын берем дегендер чыгып жатат. Андайлар толтура, кокодон”,-деп атпайбы жогоруда Камчыбек Жолдошбаев. Бул калп. Кошоматтын да чеги болот да. Карапайым эл кыйналып жашап жатат. Бири-биринен акча сурамай… Эч кимде акча жок, эптеп жашоо кечирип жаткан учуру. Эмнеге биз, кыргыз эли бийлик алган карызды төлөшүбүз керек. Бийлик башындагылар алдыбы, өздөрү, бала-чакасы менен кошо төлөсүн. Мына, кимдер кандай акча жеп алып, кармалып камакта отурганын көрүп жатпайбызбы. Мисалы, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев. Булардын башында Алмазбек Атамбаев турганы, аларга буйрук кылганы билинип эле жатпайбы. Аны керек болсо парламентте О.Артыкбаев да: “буйрук кылгандар эмес, аны аткаргандар жооп берүүдөбүз”,-деп айтканы бар. Мен тээ башынан эле, 6 жыл бою Атамбаевдин кемчилигин айтып келгем, айта берем. Ал 6 жылда өзүнүн эле жашоосун оңдобосо, элдин жашоосун оңдогон жок. Жалаң ушак-айыңды сүрүштүрүп, жалган жалаа менен шылуундардын айтуусуна таянып, таза адамдарды каматты. Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Канат Исаев жөн эле отурат. Качкандарды эмес, келаткандарды каматканын эрдик эсептеп, жыргап жүрөт. Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров өздөрү келаткан жеринен карматып жатат, анда да террористтерди карматкандай, каматты. Ушул эми эрдикпи? Канча жерден “ичип-жегени” боюнча кулагы чыгып жатат. Анын кулагын досу, президент Сооронбай Жээнбеков көрүшү керек, эгер көрмөксөн болсо, анда ага ишенүүгө болбойт! Элди карызга батырган Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуусу керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.