Премьер-министр кол алдындагылардын кийимине көңүл бурарын бүгүн спикерге айтты

Премьер-министр кол алдындагылардын кийимине көңүл бурарын бүгүн спикерге айтты

Премьер-министр М.Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бүгүн парламентке келген. Мамлекет кызматкерлеринин кийинип келгенин алгач депутаттар жактырган жок. “Жогорку Кеңешке ак көйнөк, пиджак кийбей, галстугу жок келишти”,- деп. Аны байкаган спикер Дастанбек Жумабеков да: “Бизде этика жана регламент. Жогорку кеңешке эмнеге ушундай кийинип келдиңер? Мындай кийим менен силер кабинетиңерде отурсаңар болот, бул жерде, пленардык залда эмес, анткени, бизди түз эфирден көрсөтүп жатат”,- деди. Мунун баарын уккан премьер мындан ары кол алдындагылардын кийимине көңүл бурарын айтты.

Эсиңиздерде болсо керек, Бакиевдин бийлигинде спикер болгон Адахан Мадумаров дагы “смокинг кийгиле!” деген сөзү менен элдин эсинде калган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.