Памирлик кыргыздардын башчысы каза болду

Памирлик кыргыздардын башчысы каза болду
Сүрөт: «Азаттыктан» алынды

Кичи-Памирдеги кыргыздардын башчысы Эраалы хан каза болгону тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлаган. Анын айтымында, Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы катуу ооруп, ооруканага жеткирилген. 68 жашында көз жумган Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.