ИИМ министри журналисттерге ыраазы да, нааразы да экенин айтты (ВИДЕО)

ИИМ министри журналисттерге ыраазы да, нааразы да экенин айтты (ВИДЕО)

Кийинки күнү милицияларга нааразычылык күч алды. Ага ИИМ министри Кашкар Жунушалиев дүйшөмбүдө жооп берди. Тагырагы, министрликтин жасаган иштери, милиционерлер аралашкан кылмыш иштери жөнүндө суроолорго жооп берүү үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Ал жыйынга ММКтары, Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышкан. Аны көргөндөр бар, көрбөгөндөр бар. Көрбөй, укпагандар дагы деле милицияларды сөз кылууда. Министр бардык суроого ачык жооп берип, кемчилик бар экенин да моюндап, коомчулуктан, журналисттерден колдоо сурады. “Жаман нерсе чыгарбагыла!”,- дейт министр. Аны тасмадан көрүп, угуңуздар. Түшүнгөн кишиге түпкүлүгү туура эле. Ошол сөзү менен жыйынды жыйынтыктайт.

Министрдин сүйлөгөн сөзүн “Спутник” тарткан төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.