Наристелерди урган тарбиячынын соту. Таяк жеген бөбөктүн апасынын сыздаганы… (ВИДЕО)

Наристелерди урган тарбиячынын соту. Таяк жеген бөбөктүн апасынын сыздаганы… (ВИДЕО)

Кичинекей, алсыз балдарды урган тарбиячынын жосузсуз жоругу былтыр, 21-ноябрда видеого тартылып тараган. Аны тарткан кыз баланын ыйлаганына боору оорубай, “сонун көйнөк” деп айтып жатканы угулат… Бул жагымсыз окуя Жалал-Абад шаарындагы №21 «Искора» бала бакчасында болгон. Видеодон балдарынын сабалып жатканын көргөн ата-эненин жүрөгү сыздап, милицияга арыз жазган. Ошонун негизинде тарбиячыга кылмыш иши козголгон. Анын соту эми гана каралып, өкүм чыкты. Жалал-Абад облустук соттун маалымат кызматынын маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаардык соту быйыл, 4-февралда тарбиячыга Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс — ред.) 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен («Бейбаштык, жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз адамдарды мазактоо») күнөөлүү деген айыптап, өкүм чыгарган. Тарбиячыны бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратып, моралдык чыгым катары 10 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

Соттун мындай чечимине ата-энелер макул эмес, “тарбиячыга жеңил жаза берилип калды” деп нааразы болуп, облусттук сотко кайрыла тургандарын билдиришкен. Тарбиячынын бөбөктөргө кол көтөргөнүн, анда таяк жеген наристенин апасынын сыздаганын бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.