Кулматов үй камагына чыгарууну соттон суранса, аялы үй-бүлөсүнө оор болуп жатканын билдирген

Кулматов үй камагына чыгарууну соттон суранса, аялы үй-бүлөсүнө оор болуп жатканын билдирген

Бүгүн, 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде мэр болгон эки адамдын: Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту болуп атат. Алардын адвокаты Сергей Слесарев соттук коллегиянын төрагасы Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтүүдөн баш тартты. Кубанычбек Кулматов болсо негизсиз кармалып жатканын айтып, үй камагына чыгарууну суранды.

Буга чейин, мындан эки күн мурун К.Кулматовдун жубайы Жамиля Турганова кайрылуу тараткан. Ал кайрылууда күйөөсү абакта бир жыл отурганы үй-бүлөсү үчүн оор болгонун, Кулматовдун күнөөсү жок экенине жана эртеби-кечпи акыйкаттык орнотуларына ишенери жазылган.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айып тагылып, камалган. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.