(ВИДЕО) Аяткан АБДЫКАПАРОВА: “Салянованы бошотпосо жол тособуз!”

(ВИДЕО) Аяткан АБДЫКАПАРОВА: “Салянованы бошотпосо жол тособуз!”

№1 тергөө абагында 5-июндан бери кармалып жаткан мурунку башпрокурор, мурунку депутат Аида Салянованын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотто жабык эшик артында өзү (адвокаттын айтымында, Салянованын ден соолугу начарлап кетип, келе албай калган – авт.) жок каралды. Сот залына адвокат Р.Садыковадан башка эч ким киргизилген жок. Шаардык сот камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Туугандарынын мындан аркы кадамдары…

Албетте, мыйзамсыз чечим кимге жаксын? Аида Салянованы колдоп барган туугандары, тарапташтары, партиялаштары сотко наалат айтып, «ак жерден абакта кармалып жаткан кызыбызды  кое бербесе, анда жол тосууга барабыз»,-дейт Аяткан Абдыкапарова. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Темир генерал Аида Саляновага кол топтолууда…

Эжесин темир генерал деген сиңдиси Чынара Турдалиеванын айтымында, Салянованын туугандары, тарапташтары, партиялаштары аны абактан бошотуу үчүн президентке кайрылуу жазып, кол топтошууда. Азырынча үч миңге чукул кол топтолуп калган. Эжесин мыйзамсыз кармалып жатканын, аны мурунку, кийинки саясатчылар Башмыйзам бузулганын баса белгилеп жатса да, аны эске албаган сотторго нааразы. “Биз ушу бойдон токтоп калбайбыз, алар мыйзам бузса да, биз мыйзам жолунда иш алып бара бекмекчибиз. Мен дагы бир жолу кайталайм, менин темир генерал эжемди эч ким сындыра албайт. Анткени ал коррупция менен күрөшкөн күчтүү айым. Аттуу-баштуу коррупционерлер менен коркпой күрөшкөнүн баарыңыздар билесиздер. Эжемди мен жакшы билем, ал эч нерседен коркпойт жана тайманбайт. Ал эч жакка качпайт, качса мурда эле качып кетмек. Соттун шылтоосу дагы ушул болуп жатпайбы. Бул бир. Экинчиден, бир тууганыбыз Улан Саляновду өлтүргөн кылмышкерлердин топ башчысы так ушул эжем отурган абакта олтурат. Бул мыйзам бузуу деп эсептейм. Муну Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана башка дагы толтура эле саясатчылар айтты го. Сот эжемдин  өмүрүнө коркунуч бар экенин эске алышы керек болчу. Үчүнчүдөн, ден соолугу начарлап жатат, дарыланышы керек. Аны адвокат какшап эле айтып жатат го. Акыйкатчы дагы ага Тез жардам чакырылганына күбө болгонун айтып, үй камагына чыгаруу боюнча билдирүү таратты го. Мына ушунун баарын угуп аткан апасына оңой дейсиңерби? Кызы камалгандан бери күн-түн уйкудан калып, кан басымы көтөрүлүүдө, кичинекей кызы чыркырап апасын издөөдө. Соттор ушулардын баарын эске алып, үй камагына чыгарып койсо деле болот эле да. Эмне алардын апасы, баласы жокпу?”,-дейт күйүп-бышып Ч.Турдалиева.

 АДВОКАТ: “Салянованы камакта калтыруунун өзү кылмыш

Райондук, шаардык сот залына жалгыз кирип жаткан жактоочу Рабига Садыкова соттор анын айткандарын эске албай жатканына нааразыланып, сот анык жүзүн көрсөтүп жатканын баса белгиледи. “Менин доо арызым канааттандырылган жок. Себеби, алар (соттук коллегия) райондук соттун токтомун негиздүү деп эсептейт экен. Аида Жеңишбековнанын камакта калтыруунун өзү кылмыш, ушуну түшүнбөгөндөрү абдан өкүнүчтүү. Салянова мурдагы башкы прокурор деген макамга ээ. Мыйзам чегинде караганда, аны тергөө абагында кармоо болбойт, бул жүзүкаралык. Анын үстүнө Салянованын саламаттыгы да начарлап кетти, анын айынан бүгүнкү процесске келе алган жок”,-дейт адвокат.

Акыйкатчы акыйкат сөзүн айтты…

Аида Жеңишбековнанын ден соолугу начарлап, ага Тез жардам чакырылганына күбө болгонун акыйкатчы Токон Мамытов да айтты го. Ал сот болоордун алдында Саляновадан кабар алганы абакка барып, анын жүрөгүнө байланыштуу медициналык бөлүмдө болгонун жана ага Тез жардам чакырылганына айтып, үй камагына чыгаруу боюнча билдирүү тараткан. Тилекке каршы, ал дагы эске алынган жок. Ар дайым ак сүйлөп, так жүргөн Аида Салянова акыйкатчыга абакта басым, кысым болбогонун, аларга доо арызы жоктугун айтыптыр.

Салянованын иши парламентте да көтөрүлдү…

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Аида Жеңишбековнанын мыйзамсыз кармалып жатканын айрым депутаттар трибунадан айтып чыкты. Жанар Акаев да ден соолугуна кам көрүүнү айтты, аны ВИДЕОдон көрүңүз.

Аида Жеңишбековнанын абакта мыйзамсыз кармалып жатканын алгачкылардан болуп парламентте «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Ал Салянова отурган жерде инисин өлтүргөн кылмышкерлер тобунун башчысы отурганы опурталдуу нерсе экенин жана мындай мамиле көп нерседен кабар берээрин ачык эле айтты. Кесиптешинин айтканында калет жок деген депутат Каныбек Иманалиев буларды айтты.

“Жалган жалаа мыйзамы” модага айландыбы?

Аида Саляновага каршы көрсөтмөнү прокурор Майрамбек Акматалиев бергени айтылган жана айтылууда. Кыргызстанда өтө кооптуу, опурталдуу мыйзам пайда болду. Ал эч далили жок, сөз менен эле “тиги айтты, бу айтты” деген жалган мыйзам. Бирөө калп айтып койсо камай турган “ооруну” өнөр кылып алышты. Мисалга алсак, шылуун Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев камалып, азыркыга чейин бошотулбай отурат. Садыр Жапаров да жалган жалаа менен кармалууда. Канчалаган саясатчылар жалган жалаа менен отуруп, айрымдары бошотулду. Ал эми Атамбаевдин бийлигинин учурунда эле. Азыр деле ошондой болууда. Анда эмнеге Текебаев менен Жапаров бошотулбайт? Эмнеге эч далил жок, жалган жалаа менен Салянова кармалууда? Башмыйзам бузулганын белгилүү эле саясатчылар (Текебаев менен Момбеков) баса белгилеп, Конституциядагы так ошол бөлүмдү көзгө сайып көрсөтүп атса да, аны сот эске албай жатканынын өзү эле күмөн жаратат. Бул жерде кандайдыр бир чоң саясат ойноп жаткандай. “Ак ийилет, бирок, сынбайт” дегендей, Аида Жеңишбековна ак, ал эч качан сынбайт. Ден соолугу начарлап баратканын, абакта коркунуч жаралып жатканы боюнча коңгуроо кагылып жатса да, кулагы укпаган, көзү көрбөгөн сотторго жол болсун!

Бекеринен Жеңишбековна эмессиз да…

Аида Жеңишбековна, биз сиз мененбиз, артыңызда кол чогултуп жаткан тарапташтарыңыз, жол тособуз деген туугандарыңыз бар. Бу да болсо сыноо, ошол сыноону сиз жеңип чыгасыз деген ойдобуз! Бекеринен Жеңишбековна эмессиз да.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.