ОЛЕКСЮК: “Рысалиевдин тили чулдурап, сөздөрү түшүнүксүз болууда”

ОЛЕКСЮК: “Рысалиевдин тили чулдурап, сөздөрү түшүнүксүз болууда”

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин учурдагы абалы тууралуу президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк “Спутник” агенттигине билдирген. Анын айтымында, депутаттын абалы оор, тили чулдурап, сөздөрү түшүнүксүз, кан басымы турукташа элек.

Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ИИМге суракка чакырылып жүргөн. Экинчи жолку сурактан кийин, ал өзүн жаман сезип, ооруканага жатып калган. Кечээ, 12-июнда реанимация бөлүмүнөн палатага которулган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.