ВИДЕО: Мадеминов Атамбаев кечээги сөздөргө ачууланып, капаланып жатканын айтты

ВИДЕО: Мадеминов Атамбаев кечээги сөздөргө ачууланып, капаланып жатканын айтты

Кечээ, Жогорку Кеңештин сессиясында 8-июндагы митингде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүндө аша чапкандык болгонун, жарым саатта эле ал канча жолу калп айтканын айрым депутаттар айтып, факты менен (Канат Исаев) далилдеп берген. Алардын сынына бир гана Ирина Карамушкина реакция кылып, кыйкырып чыккан. Бүгүн болсо Анвар Артыков менен Мурадыл Мадеминов өз ойлорун ортого салып, пикирлерин айтып чыкты.

8-июндагы митингге ушул эки депутат катышып, баарын угуп келген. Алгач Анвар Артыковдун айтканын угалы. «Кечээ жыйындан кийин мага мен сыйлаган аттуу-баштуу бир топ адамдар чалып катуу сөздөрдү айтты. Ал сөздөрдү жумшартып, сиздерге жеткиргенге аракет кылайын. Биринчиден, Алмазбек Атамбаев экс-президент катары тарыхта калды. Кечээ айтылган сөздөрдүн биринин дагы далили жок. Далил болсо алып келгиле. Мага чалган адамдар «андан өч алуу аракетин кылып жатасыңар» дешти. Бул нерсе да өтөт, баарын убакыт таразалайт. Алмазбек Атамбаев 6 жыл президент болуп иштеди, эң негизгиси саясий туруктуулук болду. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу узак мөөнөткө туруктуулук, өсүш болду. Айрыкча түштүк жери газ, электр жарыгы көйгөйүнөн кутулду, бул чындык. Иштебеген адам адашпайт. Атамбаев деле кадр маселесинде ката кылганын, жаңылышканын моюнуна алган. Коррупция бардык жерде бар, уурдаган болсо аны кармап отургузуу керек. Бирок баарын чогултуп келип «сен жооп бересиң» деп Атамбаевди күнөөлөп коюу туура эмес. Аксакал катары айтайын, муну токтоткула! Жооп бере турган маал да келип калат. Уят болуп каласыңар!», — деди депутат.

Артыковго Атамбаев эле чалса керек да…

“Мен сыйлаган аттуу-баштуу адамдар чалып, катуу сөз айтты” деп жымсалдап, аны көптүк түрдө айтып атпайбы Артыков, ага Атамбаев эле чалса керек да, “эмне унчукпай отурасың?” деп. Анткени Мадеминов Атамбаевдин мурунку командасы тигилерге кошулуп кеткенине ачууланып жатканын ачык эле айтып салды. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

Исаевдин Атамбаевдин калптарын далилдеген ВИДЕОсу:

ӨМҮРКУЛОВ: «Атамбаев жатып алып да тепкилеп жатат»

Кечээги сессияда КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов ушинтип айткан жери бар. Атамбаев боюнча дагы көп деген сындарды айткан. Атамбаев ошого ачууланып жатканын жогоруда Мадеминов айтты го. Эгерде кечээги сессияда депутаттардын айткандарын угам десеңиз, анда бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз!

АТАМБАЕВ: «Сооронбай, кет!» деп чыгабыз»

Балээнин баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда, КСДП уюштурган митингге сүйлөгөн сөзүнөн башталган. Ал жерде ал баягыдай эле балп деген. Парламентти экинчи жолу «чимкирик» деп , президент Жээнбековго карата акаарат сөздөрдү айткан. Аны толугу менен төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.