Рысбай ИСАКОВ: “Торпок, коркок, чоркок чоролор болгон, бирок, Бакай ата Манасты саткан эмес”

Рысбай ИСАКОВ: “Торпок, коркок, чоркок чоролор болгон, бирок, Бакай ата Манасты саткан эмес”

Кийинки күнү “өзүн Манас сезип алган” мурдагы президент Алмазбек Атамбаев  “Манас” жөнүндө жакшы билбейт, билбегендиктен дайыма туура эмес айтат. Сөзүбүз куру болбош үчүн аны факты менен айтып берели.

Антты каргышка айланткан Атамбаев

Эки жыл мурун (2017-жылдын 27-октябрында) Атамбаев 12 өлкө жөнөткөн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, адеттегидей темадан чыгып кетип, ички көйгөйлөрүбүзгө орус тилинде токтолуп, кайрадан Казакстанды каарып өтүп, ЕврАзЕС өзүн актабай калгандыгын айтып келип, анан эле кыргызча белгисиз бирөөлөрдү каргап кирген: “Мындайларды элдин каргышы урат. Аларды кудай урат. Улуу Манас дастаныбызда мындайлар жөнүндө таамай айтылган, окуп берейин: “Элди, жерди сатканды төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Суу бүтпөгөн чөл урсун! Толкуган дайра көр урсун! Элди, жерди сатканды, ак буудайдын наны урсун! Эненин аппак сүтү урсун! Дайыма буларды кыргыз элинин, жеринин суусу, тузу, наны урсун! Кудай урсун!”,-деген Атамбаев.

«Атамбаев айткан каргыш эмес, хан такка отурганда айткан ант»

Ушул сөзүнөн кийин, биз манасчы Рысбай Исаковго кайрылып, жооп алганбыз. Манасчы анда да бу боюнча жакшы түшүндүрүп берген.

-Ажо Атамбаев жакында эле “Манастан” үзүндү окуп, кимдир бирөөнү каргабадыбы. Бул үзүндү кандай учурда айтылган?

— Мен негизи саясаттан алысмын. Бирок, “Манас” жөнүндө сөз болгондон кийин жооп берейин. Биринчиден, бул каргыш эмес. Ушинтип ант беришкен эр жигиттер. “Манаста” мындай  учурлар көп эле кездешет. Анттан кайтканда ошентип айтылат. “Манаста” такка отурганда, хан көтөрүлгөндө айткан жерлери бар ушундай.

“Эл үчүн каруумду казык,

Канымды азык кылдым!

Элди, жерди сатканды,

Төбөсү ачык көк урсун! 

Төшү түктүү жер урсун!

Чымындай жаным учканча,

Чырчырап жаным көккө чыкканча,

Кыйырын коргойм жеримдин!

Кыргыздын жашын көргөнчө,

Кыямат өтсүн өмүрүм!” деп канга колун салып, убада кылган ырым-жырымдары болгон. Ошол учурда айтылган анттар.

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Манасты Бакай да сатып кетиптир”

Экинчи жолкусу жаңылганы жакында эле (14-июлда) болду. Кой-Таштагы үйүнө манасчы Талантаалы Бакчиев барып, экөө элдин көзүнчө Радловдун “Манас” жөнүндө жазган вариантын сүйлөштү. Анда Атамбаев: “Манасты тегерегиндегилердин баары саткан. Бакай да сатып кеткен”,-дейт. Анын мындай сөзүнөн кийин манасчылар ага жооп беришти. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Атамбаевдин келечектеги “элитасы” “Манасты” туура эмес айтып…

Мына, окурман, манасчы Рысбай Исаков Радловдун вариантында да Бакай ата сатып кетпегенин айтып берди. Негизи Атамбаев өзү сөздүн төркүнүнө түшүнбөйт. Ошон үчүн “Манастагы” антты каргышка айлантып отурат да. “Манасты” билбеген соң оозанып кереги жок. Атамбаевдин айланасындагылар, келечектеги “элиталары” да тантырап сүйлөп жатат. Алсак, Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков 3-июлдагы митингде Манас атабызды айтып, мурдундагы чимкиригин шор-шор тартып, бышактап, ыйлаган. Бул жигит Атамбаевди кумир тутат окшойт, себеби, балп этип, “эй” деп да сүйлөйт тура. Аны өз көзүңүз менен көрүп, угуңуз!

Алмазбек Атамбаев жана анын “элитасы” Темирлан Султанбеков да кемчилигин мойнуна алып, катасын оңдоп, эл алдына бир нерсени билип, анан сүйлөйт деген үмүттөбүз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.