Улуттук көчмөндөр оюну күзүндө Таласта өтөт

Улуттук көчмөндөр оюну күзүндө Таласта өтөт

Улуттук көчмөндөр оюндары Таласта өтөөрү буга чейин айтылып эле келген, бирок, уюштуруу комитети түзүлө элек болчу. УКОну өткөрүү үчүн уюштуруу комитети бүгүн Таласта түзүлгөнү тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ал билдирүүдө: «Оюндардын маданий бөлүгү, этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинде уюштурулат. Ал эми спорттук бөлүгү Алканов атындагы ат майданында болот«,- деп жазылган. Ошентип, УКО биринчи жолу күзүндө (сентябрында) Талас облусунда өтмөй болду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.