УКМК: “Барымтага алынган балдар катуу сабалган”

УКМК: “Барымтага алынган балдар катуу сабалган”

Атамбаевдин эң жакын адамы Фарид Ниязовдун айткандарына УКМК  жооп берди. УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октор менен атайын каражаттар гана колдонулганын дагы бир жолу кайталап, буларды айткан: «Мындан сырткары атайын кызматтын аскерлери Атамбаевдин үйү тарабынан атылган аскер огунан жарадар болушту. Алган жараатынан бир аскер ооруканада каза болду. Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган. Атамбаевдин тарапташтары тирүү тосмо катары аялдар менен балдарды пайдаланышкан».

Андан тышкары, УКМК «барымтага алынган кызматкерлерди өздөрүнүн эле кесиптештери таштап кетти» деген маалымат чындыкка дал келбесин айтып, Фарид Ниязовдун билдирүүсүн «аскердин өлүмү боюнча жоопкерчиликти тартип коргоо органдарына жүктөө аракети» деп баалады.

НИЯЗОВ: “Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, аскерлерди бербейбиз”

Эскерте кетсек, Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов барымтага алынган кызматкерлерди дарыгерлер карап чыкканын, алардын абалы туруктуу экенин билдирген. Ал 8-августка караган түнү ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүдө аскерлерди жана алардан алынган куралдарды өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан. Ошондой эле, Ф.Ниязов дагы жоокерлердин абалы жакшы экендигин айтып, «Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, демек, биз, бул жактагы аскерлерди бербейбиз”,-деп ачык эле айткан. Ушундай эле сөздү түндө депутат А.Кодуранова да айткан.

Бүгүн, УКМК төрагасы О.Опумбаев алар сөзүнө турбаганын айтты.

Эске салсак, кечиндеги Кой-Таштагы операция учурунда алты аскер барымтадага алынганы, бир бала каза болгону айтылган. Атамбаевдин хан сарайында кармалып, сабалган балдарды төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүз болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.