Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын арасында белгилүү адамдар, саясатчылар, депутаттар, шоу-бизнес өкүлдөрү жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелге карата брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ага коронавирус менен ооругандардын арасында белгилүү адамдар барбы, жокпу деген суроо узатылды эле, ал: “Саясатчылар, депутаттар, чыгармачыл адамдардан коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондору болду. Алар обсервацияга алынып, үй карантинине чыгышкан. Бактыга жараша коронавирус менен ооругандары болгон жок”, — деп жооп берди.
Коронавирустун жалпы саны 708ге жетти
Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү билдирүүсүндө дагы 13 адамдан коронавирус табылып, Кыргызстанда жалпы саны 708ге жеткенин айткан. Жаңы катталган учурдан Чүй облусунда – 6, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 .
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы