Жогорку Кеӊештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Ысык-Ата районундагы алма багындагы үйү өрттөлгөнүн «АКИpress» агенттигине айтыптыр. Айтымында, окуя 6-октябрда болгон. Эч ким жабыркаган эмес.
ВИДЕОну бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүнүз!
Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, тарапкерлери нааразы болуп, Ала-То» аянтында митинг уюштурушкан. Аягы Ак үйдү, УКМКны басып алуу менен аяктап, митингчилер бир топ саясатчыларды бошотуп жиберишкен.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы