1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланган мыкты акын Нурлан Калыбековду куттуктайбыз!

1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланган мыкты акын Нурлан Калыбековду куттуктайбыз!

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Өкмөттүн жаштар сыйлыгынын лауреаты, мыкты акын Нурлан Калыбеков 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Москва шаарында мамлекеттер аралык “Евразия дүйнөсү XXI кылым” форумуна 3-октябрында болуп өттү. Нурлан Калыбеков форумга катышып, мамлекеттер арасында маданий кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды.

Жолдошум Эрнистин эмгегин, чыгармачылыгын, котормосун жогору баалаган, оозунан түшүрбөй, кийинки муунга айтып, жеткирип келаткан Нурлан, сыйлыгың кут болсун, каалаганың бүт болсун! Сага Эрнисимдин «Кубаныч илимин» тартуулайм!

Назира СААЛИЕВА

P.S. 2019-жылдан бери Жазуучулар Союзун жетектеп келаткан Нурлан Калыбеков тууралуу кенен билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.