Кыргызпатент авторлор, ойлоп табуучулар, чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызпатент авторлор, ойлоп табуучулар, чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

4-6-сентябрь күндөрү Кыргызпатенттин кызматкерлери Лейлек, Баткен, Кадамжай, Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, авторлор, ойлоп табуучулар, студенттер, окуучулар, чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууларда эксперттер автордук укук жана чектеш укуктар,  өнөр жай менчигинин объектилерин укуктук коргоо, товардык белгилерди каттоо, мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу, стартап экосистемасы, инновациялар тууралуу баяндамаларды жасашты. Катышуучулар Кыргызпатенттин аймактарда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлору жөнүндө кенен маалымат алышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Кыргызстанда жашаган калктын интеллектуалдык менчик системасы боюнча  маалыматтуулугун жогорулатууга максатталган маалымат компаниясы 6-сентябрда Кара-Көл жана Кызыл-Кыя шаарларында, 7-12-сентябрь күндөрү Ош областына караштуу райондордо  өткөрүлөт.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.