Депутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айтты

Депутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айтты

Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн алдын-ала жай сатып алган миңдей киши жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылганын, көрүстөндөгү жерди инвентаризациядан өткөрүп, кайрылган жарандардын маселесин чечүү боюнча тапшырма берилгенин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов кечээ, 7-октябрдагы жыйында билдирди.

«Түштүк-Батыш көрүстөнү иштеп турган учурда миңдей адам жерге берилген туугандарынын жанынан жер сатып алышкан экен. Ошол миңдей адамдын жүзгө жакыны сатып алган жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылышкан. Документтер болгон экен, бирок көрүстөндүн документтерди сактоочу жайы өрттөнүп кетиптир. Сатылып алынган жерлер бош турат экен. Азыр ал жерлер кайра сатылып жатат деп арызданып келишти«, — деди Эргешов.

Белгилей кетсек, бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тарта токтотулган. Депутат Эргешовдун айтуусунда, азыркы учурда да көрүстөнгө сөөк коюлган учурлар бар.

Май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

«Көрүстөндөгү коррупциянын» бетин ачкан Эгизбаев

Эске сала кетсек, Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттык” радиосунун журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзгөн.

Ал резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган. Анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргүзгөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иш эмне болуп аяктаганы жөнүндө маалымат берген эмес.

Уланбек Эгизбаев коррупция менен күрөшүүдө мамлекетке бир топ салымын кошту, көпчүлүк миллионерлердин бетин ачып кетти… Кайран гана 28 жаш…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.