Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Женевадан Дарен Танг менен жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Женевадан Дарен Танг менен жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?
Бүгүн, 8-октябрда Женева шаарында Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Дарен Танг менен жолугушту. Жолугушуу Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Ассамблеянын 62-отурумунун алкагында өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда креативдүү экономиканы жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, тараптар биргеликте ушул тармактар боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну пландашты. Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин  интеллектуалдык жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу жаатындагы жасалып жаткан иштери тууралуу айтып, ИМБДУнун генералдык директорун Кыргызстанга иш сапары менен барууга чакырды.
Өз кезегинде Тарен Танг Рахат Керимбаеванын ведомствонун директору кызматына дайындалгандыгы менен менен куттуктап, Кыргызпатенттин базасында ачылып жаткан алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун ачылышы Кыргызстандын инновациялар экосистемасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандыгын айтып, 2022-жылы Кыргызстанга атайын иш сапары менен баруу ниетин билдирди.
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.