Талас шаардык милициясы 80 жаштагы ардагерге 1 тонна көмүр менен кошо акча тапшырышты

Талас шаардык милициясы 80 жаштагы ардагерге 1 тонна көмүр менен кошо акча тапшырышты

Өз ардагерлерин унутта калтырбаган Талас шаардык милициясы ИИО ардагери Сабырбек атага кышка утурлай жардам беришти. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 12-октябрда, билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ШИИБнин начальниги Асрол Тантиев жетектеген өздүк курам ИИО ардагери милициянын отставкадагы прапорщиги Бейшенов Сабырбек атабызга атайын кам көрүү максатта акчалай материалдык  жардам көрсөтүштү. Андан тышкары, 1 тонна көмүр алып беришти.
Полковник Асрол Тантиев узак убакыт милицияга ак кызмат кылып ардактуу эс алууга чыккан 80 жаштагы Бейшенов Сабырбек атабызга дагы да узак өмүр каалап, «милицияга, коомго даанышман насаатчы болуп жүрө бериӊиз» деген тилектештигин билдирди.

Аксакалдан ак бата

Кубанган ардагер ата: “Формачандарды көрсөм жүрөгүм жылыйт, жаштыгымды эстеп жашара түшөм” деп башынан өткөн бир топ окуялар, ачкан кылмыштар жана иш маалындагы ар кыл учурлар тууралу кызыктуу баян куруп, аягында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, эл, жерде тынчтык болушун, милициянын кадыр-баркы жогорулап, элдин алкышын алуусун тилеп ак батасын берген.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.