Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болду. Эмгек жамаатка Эдил Байсалов тааныштырды

Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болду. Эмгек жамаатка Эдил Байсалов тааныштырды

Бүгүн, 18-октябрда КТРКнын мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

43 жаштагы Бактияр Алиевге бул жер тааныш, анткени, ал 2001-2009-жылдары Социалдык фонддо иштеген. 2009-2020-жылдарга чейин КТРКнын Республикалык радиотелеборборунун директору болуп эмгектенген. 2020-жылдын аягында КТРКнын башкы директору болуп дайындалган. Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Орун алмашуулар…

Бактияр Алиев 15-октбярда өз эрки менен кызматтан кетүү арызын жазган. Анын арызын Байкоочу кеңеш карап чыгып, кабыл алган.  Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов анын ордуна мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев келгенин билдирген. Бирок, ал кызматка бекитиле элек, КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарууда… Жакында Байкоочу кеңеш сынак жарыялайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.