Мирзиёев добуш 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланды. «Жасалма шайлоо» болгонун оппозиция айтууда…

Мирзиёев добуш 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланды. «Жасалма шайлоо» болгонун оппозиция айтууда…

Шавкат Мирзиёев жеңишке жетип, кайрадан президент болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, президент 80,1% добуш алган. Добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышкан. Шавкат Мирзиёевдин атаандаштары «Элдик демократиялык партиядан « Максуда Варисова добуштардын 6,6%, «Улуттук кайра жаралуу партиясынын» лидери Алишер Кодиров 5,5%, «Экологиялык партиядан» Назрулло Обломурадов 4,1%, «Адилет» партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% добуш алды.

Ал эми оппозициянын айтымында, шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилген эмес, «жасалма шайлоо» болгонун айтып чыгышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары шайлоо тынч өткөнү менен «чыныгы атаандаштык болбогонун» билдиришти. АКШ мамлекеттик департаменти президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бүгүн, 26-октябрда билдирүү таратты. Алар шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги катышуусунда өткөнү баса белгиленген.

Эске сала кетсек, Өзбекстанда жекшемби күнү (24-октябрда) президенттик шайлоо болуп өткөн.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.