Парламенттик шайлоого 20дан ашык журналист аттанды

Парламенттик шайлоого 20дан ашык журналист аттанды

Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн 20дан ашык журналист ат салышууда. Кээ бири партиялык тизмеде, айрымдары — бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкер. Арасында чуулгандуу иликтөөлөрү менен эл оозуна алынган баяндамачы-кабарчылар, жеке канал ачып блогерлик менен алектенгендер бар.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия парламенттик шайлоодо талапкер болууну көздөгөн журналисттерге 13-октябрда кайрылып, саясатка аттанып жатканын коомчулукка жар салып коюуну сунуштаган эле, бирок аны талапкер болуп талпынган журналисттердин айрымдары гана аткарган.

Комиссия жогорудагы сунуш-кайрылууну Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин 5-беренесине негиздеп айткан. Ал беренеде “Журналист кай бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болгону абзел. Эгер андай иштерге аралаша турган болсо, ал тууралуу өз окурмандарын, угармандарын жана көрүүчүлөрүн кабардар кылышы керек”, — деп жазылган.

Медиа коомчулук өкүлдөрү: «Журналисттер депутат болуп келсе, сөз эркиндигин бийлик трибунасынан коргоого салым кошот» деген үмүттө. Басма сөз эркиндиги боюнча өлкөбүз Борбор Азия жана айрым КМШ өлкөлөрү арасында салыштырмалуу туруктуу алдыда. “Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун “Басма сөз эркиндиги” рейтингинде быйыл 180 мамлекет ичинен 79-орундабыз…

Аралаш шайлоо системасы…

Эми быйылкы шайлоо системасын айтсак, ал өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялар тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Тагырагы, буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Азыр үгүт иштери катуу жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.