Акылбек ЖАПАРОВ: «Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да…»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да…»

Кыргызстан өзбек айыл чарба өнүмдөрүн Орусияга ылдам жеткирүүгө жол ачкан «Агроэкспресс» поезддеринин мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууну каалайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына берген маегинде айтты.

Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да ал жакка өз вагондорубузду чиркөөнү каалайбыз”, — дейт Жапаров.

Кыргызстан Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө. Эреже боюнча, уюмга мүчө өлкөлөр арасында товар алып өтүү эркин, бирок иш жүзүндө биримдиктеги мамлекеттер өз ара ар кыл чектөөлөрдү киргизип келишет. Өзбекстан болсо, ЕАЭБ курамында жок.

Кызматынын аталышы узарган Жапаров айтып жаткан «Агроэкспресс» поезди Ташкенттен Москваны көздөй ноябрдын ортосунан тартып каттай турганы айтылган. Бул долбоорго Казакстан да кошулган. Алгачкы поезд менен мөмө-жемиштер кетет, айыл чарба өнүмдөрү алгач Казакстан, андан соң Орусияга жөнөтүлөт. Ушул тапта «Агроэкспресс» Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын ташып келүүдө.

Маалымат үчүн, ЕАЭБ алгач Белоруссия, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы январь айында бул уюмга Армения, май айында биз кошулганбыз. Ал эми Өзбекстан мүчө да, байкоочу өлкө да эмес, бирок саясий да, экономикалык да алаканы күчөтүп, ичтен-сырттан пайданы мыкты таап жатат. Андан да бара-бара ЕАЭБдеги экономикалык үлүш-ырыскыбызды да кемитип салчудай дымакта баратат. Бир эле мисал, Казакстандын статистика комитетинин эсебинде, 2020-жылы Өзбекстан экспортко чыгарган кийим көлөмү боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунга чыккан. А биз казактарга кийимди эң көп ташыган жети өлкөнүн алтынчысы экенбиз…

Кыскасы, «ЕАЭБ! ЕАЭБ!» деп жатып кирдик эле, ал жердеги техникалык 35 регламенттин кыпындай да пайдасын көрбөй, зыянын эле тартып жатабыз… Ушул Казакстан менен болгон чек арабыздан товар, жашылча-жемиш, башкасын өткөрүү эмне деген азаптын азабы болуп жатканын эле айталычы…

Эми, мынча болду, Жапаров айткан «Агроэкспресс» поездине чиркелчү вагондорубузду байкай туралы...

Эгер чиркелсе…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.