Акыйкатчынын Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча катына жооп келе элек

Акыйкатчынын Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча катына жооп келе элек

Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча тажик тарапка жолдогон катына жооп келе элек. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда ММКга билдирди.

Алардын маалыматына караганда, расмий кат Тышкы иштер министрлигине жана Тажикстандын Омбудсменине 11-ноябрда жөнөтүлгөн. Алардан азырынча жооп келе элек.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) эки ай мурда кармалган. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп кыргыз бийлигине кайрылган жана ал абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатырлыгын билдирген. 44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында «чек арадан мыйзамсыз өттү» деген кине менен кармалып, Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагына камакка алынган.

12-ноябрда Бишкекте Артыковду бошотууну суранып акцияга чыккандар менен жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, маселени тийиштүү органдарга жеткирип, кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн айткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.