Экс-президент Аскар Акаев уулу Илим менен Бишкекке келди

Экс-президент Аскар Акаев уулу Илим менен Бишкекке келди

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 5-6 күнгө келди. Жакындарынын ММКга билдиргенине караганда, Аскар Акаев бүгүн, 14-декабрда таңга маал уулу Илим менен учуп келген. Ал «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген.

Белгилей кетсек, Аскар Акаевич ушул жылдын 2-августунда “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга 16 жылдан кийин учуп келген. Бу жерде ШИЛТЕМЕде.

Эске сала кетсек, азыркы бийлиги «Кумтөр» алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” мурдагы мамлекет башчыларын «сатып алганын» далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Анын ичинде Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы Жоогазын революциясында өлкөнү таштап кетип, Орусияда башкалкалап келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.