ВИДЕО — Таластагы талапкер Бактыбек Чойбеков боюнча БШК менен ИИМдин жообу

ВИДЕО — Таластагы талапкер Бактыбек Чойбеков боюнча БШК менен ИИМдин жообу

БШК бир мандаттуу 32 округ боюнча шайлоо жыйынтыгын чыгарганын басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда, билдирди. Анда айтылган боюнча «баарына каршы» добуш бергендер басымдуулук кылган  Бишкектин «Биринчи май округунда шайлоо өткөн жок» деп табылып, ушундай эле добуш берүү катталган Свердлов округу боюнча толук чечим чыга элек. Аймактардан Талас, Чүй-Кемин жана Ысык-Ата округдары боюнча да кандай чечим болгону айтыла элек. Тагырагы, бул округдардан жетиштүү добуш алды делген алдыңкы талапкерлер боюнча мандем иштер такталып жаткан болчу…

№21 Талас округунда талапкер Бактыбек Чойбековдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча 9 арыз түшкөн. Бул материалдарды иликтөө үчүн БШК ИИМге жөнөтүп, алардын жообун күтүүдө. №31 Чүй-Кемин округунда болсо, талапкер Медетбек Саккараевдин кош жарандыгы тууралуу маалымат текшерилүүдө. №30 Ысык-Ата округунан талапкер Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган. Эгерде ушул фактылар аныкталып, сот чечими чыкса, аталган округдарда кайра шайлоо жарыяланарын БШК билдирген болчу…

ИИМ менен Талас ОИИБнин билдирүүсү…

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовго кечээ, 13-декабрда, №21 Талас округундагы талапкер Бактыбек Чойбеков тууралуу суроо узатсак, бул ишти Талас ОИИБ териштирип жатканын, алардын жообун күтүп жатышканын билдирген эле…

Бүгүн, 14-декабрда, Бакыт Сеитов менен Талас ОИИБ басма сөз кызматынын кызматкери Динара Сарногоевадан төмөндөгүдөй расмий жооп келди:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосун өткөрүүдө катталган фактылар боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Чойбеков Бактыбек Каныбековичке тийиштүү 2021-жылдын 28-октябрдан 14-декабрга чейинки аралыкта шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча Талас облустук ички иштер органдарына жалпы 12 факт катталган.

Анын ичинен:

3 маалымат кылмыштын же жоруктун курамы жок болгондуктан номенклатуралык иш кагаздарына чыгышталган.

1 факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

7 арыз боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, эч кандай далил болбогондугуна байланыштуу жана кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ал эми 1 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, токтомдун көчүрмөсү БШКга жөнөтүлдү.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы
14-декабрь 2021-ж.

Жыйынтыгында…

Бүгүн, кечке маал, БШК да жыйынтыгын билдирди: бир мандаттуу эки округ боюнча шайлоо жыйынтыгын аныктап, «шайлоо болуп өттү» деп жарыялады. Ага ылайык, No21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Чойбеков Бактыбек Каныбекович жана No30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Таштанбеков Акбөкөн Дүкөнович депутат болушканы расмий кабарланды.

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Белгилей кетсек, №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан болчу…

Талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкуловдун жана байкоочу Аскар Садыковдун айтымында, Таласта таза шайлоо өткөн эмес.

Аралаш шайлоо системасы…

Эске сала кетсек, быйылкы шайлоо системасы өзгөртүлгөн. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы менен келмек. Мындай мыйзамга президент Садыр Жапаров ушул жылдын 27-августунда кол койгон. Ага ылайык, саясий партиялар тизмеси менен 54, бир мандаттуу округ боюнча 36 талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.

28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бирок, толук жыйынтыгы чыга элек. Партиялар дагы, бир мандаттуудан аттанган талапкерлер дагы шайлоонун таза өтпөгөндүгүн баса белгилеп, шайлоону тааныбай тургандыгын айтып келишет. Шайлоо алдында президент Садыр Жапаров шайлоодо добушту сатып алгандар соттолуп кетээрин катуу эскертти, аалам таң калчу шайлоо өткөрөлү деп какшап айтты, болбоду, эски адат-жоруктар, бурмалоо, добуш сатуу, сатып алуу кадимкидей эле орун алды…

Шайлоочуларды да, талапкерлерди да козгогон АСУ…

Балээнин башын айта кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калды. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөөчү урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын айтып, «эгер шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, анда бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырам» деген. Бирок БШКнын адаттагыдай «болуп келген, боло берет» дегендей мамилеси, айрым шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептөө урналары добуш берүү маалында эле иштебей калганы жана шайлоо жыйынтыгында системанын жалпы жабылып калганы элде да, талапкерлерде да күмөн ойду, шек саноону күчөттү…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Таластагы талапкер Бактыбек Чойбеков боюнча БШК менен ИИМдин жообу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.