ВИДЕО — Исабеков Чойбековдун үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылды…

ВИДЕО — Исабеков Чойбековдун үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылды…

Исабеков №21 Талас бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кенешке талапкер Чойбеков боюнча прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда «Азаттык» жазып чыкты.

Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, Бактыбек Чойбеков шайлоо учурунда добуш сатып алган. Ал Талас районундагы Арал айылынын тургуну, агитатору Мадылбек Ибраимов аркылуу Жаңы-Турмуш өзөнүндөгү жолго кум-шагыл төгүп берген. Ага мамлекеттик ДЭУ-36 ишканасынын техникаларын колдонушкан.

Жол оңдоо иштери боюнча М.Ибраимовго ыраазычылык билдирилген маалымат Арал айыл өкмөтүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган. Бирок, негедир, эртеси эле Ибраимовдун аты посттон алынып салынган.

Чойбеков менен Ибраимов эмне дейт?

Мындай маалыматты экөө тең четке кагып, Чойбеков жеңилген тараптын каралоосу десе, Ибраимов ал иштерге Чойбековдун тиешеси жоктугун айткан. Ибраимовдун айтымында, жолду оңдоо ошол учурга туш болуп калган.

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Белгилей кетсек, №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан болчу…

Талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкуловдун жана байкоочу Аскар Садыковдун айтымында, Таласта таза шайлоо өтпөгөнүн айтып чыгышкан.

Чойбеков тууралуу ИИМ, Талас ОИИБ жана БШКнын буга чейинки жообун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Депутаттык мандаттар качан тапшырылат?

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болуп, 5% босого чектен 6 партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча, Бишкек шаарындагы эки райондо (Биринчи Май, Свердлов) бардыгына каршы добуш бергендиктен кайра шайлоо өтөт.

Быйылкы шайлоо системасы өзгөртүлгөн. Депутаттардын саны кыскартылган. Саясий партиялар тизмеси менен 54, бир мандаттуу округ боюнча 36 талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Аларга мандат качан тапшырылат? Жогорку Кеңештин VII чакырылышындагы талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатканын БШК бүгүн, 20-декабрда билдирди. Алардын айтымында, мандат берилгенден кийин, депутаттар эки жуманын ичинде биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Алар ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

One thought on “ВИДЕО — Исабеков Чойбековдун үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.