Айсулуу МАМАШОВА: «Депкомиссия Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга макулдук берген жок»

Айсулуу МАМАШОВА: «Депкомиссия Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга макулдук берген жок»

Жогорку Кеңештин депутаттары коллегасы Бакыт Жетигенов боюнча чечимди бүгүн, 22-декабрда парламенттик жыйында карашып, жоопкерчиликке тартууга макулдук беришкен жок.

Бул тууралуу депкомиссиянын башчысы Айсулуу Мамашова билдирди. Анын айтымында, депутаттык комиссия башкы прокурордун Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчүн четке каккан. 88 депутат колдоп, бирөө каршы чыккан.

Эми Бакыт Жетигеновдун иши Биринчи май райондук сотунда каралат. Жетигеновдун туугандары, тарапташтары Сот адилеттүүлүк чечим чыгарат деген ниетте.

Белгилей кетсек, ЖК депутаты Бакыт Жетигенов “Шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган” деп шектелип, аны менен кошо камалган 15тей бала шеринеге чогулганда сүйлөшкөн сөздөрдүн негизинде камакка алынган. БАКЫТ ЖЕТИГЕНОВ БОЮНЧА ТΥЗΥЛГӨ̲Н ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ аны камакка алууга негиз болгон, далил делген ошол аудио тасманын УКМК өкүлү окуп берген текстин угуп, «̲Т̲Е̲Л̲Е̲Ф̲О̲Н̲ ̲С̲Ү̲Й̲Л̲Ө̲Ш̲Ү̲Ү̲Н̲Ү̲Н̲ ̲Т̲Е̲К̲С̲Т̲И̲Н̲Д̲Е̲ ̲Б̲И̲Р̲ ̲Д̲А̲Г̲Ы̲ ̲Ж̲О̲Л̲У̲ ̲»̲Б̲И̲Й̲Л̲И̲К̲Т̲И̲ ̲Б̲А̲С̲Ы̲П̲ ̲А̲Л̲А̲Б̲Ы̲З̲»̲ ̲Д̲Е̲Г̲Е̲Н̲ ̲С̲Ө̲З̲ ̲Б̲О̲Л̲Г̲О̲Н̲ ̲Э̲М̲Е̲С̲.̲.̲.̲ ̲Б̲И̲Р̲ ̲Д̲А̲Г̲Ы̲ ̲С̲Ө̲З̲ ̲Б̲О̲Л̲Б̲О̲С̲О̲ ̲Д̲Е̲Л̲Е̲ ̲У̲Ш̲У̲Н̲Д̲А̲Й̲ ̲О̲Л̲У̲Т̲Т̲У̲У̲ ̲А̲Й̲Ы̲П̲К̲А̲ ̲Ш̲Е̲К̲Т̲Е̲Л̲И̲П̲ ̲Ж̲А̲Т̲К̲А̲Н̲Ы̲Н̲А̲ ̲Т̲А̲Ң̲ ̲К̲А̲Л̲Д̲Ы̲К̲»̲ деп, прокуратуранын сунуштамасына макул болбой, Бактыбек Жетигеновду «ЖООПКО ТАРТУУГА УРУКСАТ БЕРБӨӨ» чечимин кабыл алышкан.

Чечим 15-декабрда эле парламент жыйынында каралмак. Анда кворум болбой калгандыктан, бүгүнкүгө (22-декабрга) жылган болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.