Эл аралык издөөдө жүргөндөр кармалды. Алар кимдер?

Эл аралык издөөдө жүргөндөр кармалды. Алар кимдер?
Мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-декабрда билдирди.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, ушул жылы ИИМдин ЭММКАК жана анын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 74 кылмыштын бети ачылган. Анын ичинен кармалган чет элдик жарандар: Өзбекстандан-35, Тажикстандан -33, Кытайдан -2, Түркиядин-2, Пакистандан-2. Операция Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында жүргүзүлгөн.
ИИМдин аталган кызматы тарабынан ϴзбекстан Республикасынын аймагында өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн ϴзбекстан Республикасынын 1973-жылы туулган Г.Н. аттуу жаранын Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн жеринен кармашкан. Ал 1996-жылдан бери жасалма паспорт менен жашап жүргөн. 2021-жылдын жаз айында Г.Н. ϴзбекстан Республикасына экстрадицияланган.
2021-жылдын февраль айында ИИМдин ЭММКАКнын кызматкерлери келип түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. 2021-жылдын 9-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Майнинг” фермасынын аймагынан өз өлкөсүндө жасаган оор кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны 1972-жылы туулган Я.Я. изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. 2021-жылдын апрелинде аталган жаран Кытай Эл Республикасына экстрадицияланган.
2021-жылдын 30-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан өз өлкөсүндө баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1984-жылы туулган М.Ж. жасалма паспорт менен жашап жүргөн жеринен кармалган. Андан сырткары ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө жана документтерди жасалмалоого шектелүүдө. Ал 2018-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жашап жүргөндүгү аныкталган. Ноокен райондук соту тарабынан М.Ж. 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Учурда жазасын өтөөдө.
ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарынын Гоголь жана Московский көчөлөрүнүн кесилишинен өз өлкөсүндө киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн ϴзбекстан Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Х.С. кармалган. Андан сырткары ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө. Азыркы учурда экстрадиция маселеси каралууда.
2021-жылдын февраль айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгү менен биргеликте “Мередес-Бенц 413” (бусик) үлгүсүндөгү унааны токтотуп, анын ичинде жүргөн Тажикстандын 14 жаранын кармашкан. Алардын баары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө. Чет элдик жарандардын мыйзамсыз аракеттери боюнча сот аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чечимин чыгарды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.