Чойбеков иши: «Паракорчулук фактысы боюнча УКМКдан маалымат келип түштү». БШК жообу…

Чойбеков иши: «Паракорчулук фактысы боюнча УКМКдан маалымат келип түштү». БШК жообу…

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна No21 Талас шайлоо округунан талапкер Бактыбек Чойбековго байланыштуу паракорчулук фактысы боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Мындай маалымат бүгүн, 27-декабрда,  «24.kg» сайтына жарыяланды.

Ал маалыматка караганда, Чойбеков тууралуу тергөө иштери уланууда… Мындан тышкары, тергөө бөлүмүндө Талас шаардык кеңешинин вице-спикери (Азиз Курамаев тууралуу сөз болууда — авт.) Бактыбек Чойбековдун пайдасына добуштарды сатып алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары да бар. Эгерде Чойбеков тууралуу маалыматтар далилденсе, анда анын каттоосу жокко чыгарылышы ыктымалдыгын БШК баса белгилеген.

Күлгөндүн билгени бар беле?..

Жогоруда сөз болгон вице-спикер тууралуу узун кеп учурунда да козголгон, дагы да уланчудай. Азырынча эки ооз кеп. Ал вице-спикер — Азиз Курамаев, Талас шаардык кеңештин төрага орун басары. Бул жигиттин Бактыбек Чойбековдун үгүт иштерине активдүү катышканы жашыруун деле маалымат эмес. Чойбеков деп жазылган жилетти кийип, 30-октябрда Талас районундагы Көк-Ой айылында шайлоочулар менен жолугушууда жүргөнү,  Чойбековго үгүттөгөнү — уккан-көргөндөр далилдеген факт. Дал ушул маалыматты БШКнын ыкчам чара көрүү тобу 18-ноябрда жарыялап, бирок Азиз мырза «ал жерде кеңештин атынан же вице-спикердин атынан сүйлөгөн эмесмин, жаран катары баргам, өзүмдүн оюмду айткам, ал күн жушушчу күн да эмес, ишемби болчу» тариздеги жооп айтканын «Азаттык» жарыялаган эле…

Кийин, «күлгөндүн билгени барбы» же «кылыбыз кыйшайбайт» дегениби, айтор, социалдык интернет баракчаларына Бактыбек Чойбековге тийиштүү маалымат чыгабы, же өзүнө байланыштуу кеп айтылып, комментарийлер жазылабы, каткырган смайликтерди аянбай калтырып жүрдү…

ИИМдин маалыматы боюнча да Чойбеков таза…

Буга чейин БШК Бактыбек Чойбековдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча 9 арыз түшкөнүн маалымдап, ал материалдарды иликтөө үчүн БШК ИИМге жөнөтүп, алардын жообун күтүп атканын билдирген. ИИМ менен Талас ОИИБ басма сөз кызматы 9 эмес, 12 арыз катталганын жана Чойбеков боюнча келген ал доомат-арыздардын бири дагы далилденбегенин билдирген эле. Так кесе айтканда, ИИМдин да, Чойбековдун да далилдеши боюнча, Чойбеков шайлоодо таптаза иш алып барган талапкер экен. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Андан кийин да Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков «Азаттык» радиосуна Бактыбек Чойбеков шайлоо учурунда добуш сатып алганы боюнча прокуратурага арыз менен кайрылганын билдирди…

А негизи шайлоо өтүп, шайлоонун эртеси болгон күнү эле башка талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкулов Таласта таза шайлоо өтпөгөнүн билдиришкен болчу…

«Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Белгилей кетсек, №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Эмилбек Абдыкадыров, Бактыбек Чойбеков, Төрөкан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев — 6 адам талапкер болуп, ат салышкан эле…

Талапкерлер Төрөкан Жунусбеков менен Айбек Бузурманкуловдун жана байкоочу Аскар Садыковдун айтымында, Таласта таза шайлоо өткөн эмес…

Белгилей кетсек, БШК шайлоодо утуп келген талапкерлерди каттоону жана депутаттык мандат тапшырууну соттук териштирүүлөргө байланыштуу убактылуу токтотконун билдирген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.