ВИДЕО — Равшан Жээнбеков балдарынын маңдайына келип, үй-бүлөсүн кубантты…

ВИДЕО — Равшан Жээнбеков балдарынын маңдайына келип, үй-бүлөсүн кубантты…

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу үй-бүлөсү билдирди.

Саясатчынын адвокаты Замир Жоошевдин журналисттерге билдиргенине караганда, өткөн жумада Биринчи май райондогу соттук отурумда, сот Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын узарткан эмес. Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган. Мындай мыйзам тууралуу Равшан мырза өзү да төмөндөгү тасмада билдирген:

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып, 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы бошотулган. Бирок «үй камагынын талаптарын бузду» деген айып менен быйыл, 5-августта кайра №1 тергөө абагына камалган.

Быйылкы парламенттик шайлоодо талапкер катары БШКга катталганы менен үгүт иштерине катыша алган жок. Себеби, сот эркиндикке чыгаруудан баш тартып койгон.

Бүгүн Равшан мырзанын үйүндө чоң кубаныч. Кубанычтарына ортоктош болуп, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, Эрнис АСЕК уулунун «Кубаныч илимин» тартуулайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.