ВИДЕО — Жаңы жыл алдында Нургүл Бакирова аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек тапшырды

ВИДЕО — Жаңы жыл алдында Нургүл Бакирова аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек тапшырды

Жаңы жыл алдында Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылына барып, ал жердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек тапшырды.
Төрайымды Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Керимкулов коштоп жүрүштү.
Н.Бакирова алгач Кеңеш айылынын жалгыз бой эненин беш баласына белектерди, азык-түлүктөрдү тапшырып, үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.

Андан соң, ушул эле айылдын тургуну, жети баланын энесинин үйүнө барып, балдарына белек, азык-түлүк тапшырып, балдарды кубантты. Андан тышкары, акчалай да жардам берди. Төрайым балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине чын ден-соолук, окууларына ийгиликтерди, Жаңы жылда бардык ой-максат, тилектер ишке ашуусуна тилектештигин билдирди. Жаңы жыл майрамын балдар өзгөчө аруу тилек менен күтөөрүн, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керек экендигин айтып, жыл сайын Жаңы жыл алдында ата-энеси жок, жарым жартылай жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын сурап, кабар алып тураарын билдирди.

Жогорку соттун Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.